21-июль күнү саат 20:30 чамасында Базар-Коргон районундагы Арстанбап, Кызыл-Үңкүр айыл аймактарында ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жеткен катуу шамал катталган. Анын кесепетинен Арстанбап айыл аймагындагы Арстанбап айылында 1 турак жайдын үстүнө жаңгак шактары сынып түшүп, үйдүн чатыры жана 3 жеңил унаанын үстүнө да жаңгак шактары сынып түшүп, унаалар талкаланган.
Кызыл-Үңкүр айыл аймагындагы Кызыл-Үңкүр айылында 1 турак жайга тал кулап түшүп, үйдүн чатыры жараксыз абалга келген. Ошондой эле 1 бастырманын шиферлерин учуруп кеткен. Мындан улам Арстанбап, Кызыл-Үңкүр айыл аймактарында электр жарыгы өчкөн.
Бүгүн аталган райондун Жарандык коргонуу комиссиясы жеринде тактоо иштери, РЭС кызматкерлери тарабынан электр жарыгын калыбына келтирүү иш-чаралары жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.