Жаш куткаруучулар Санкт-Петербург шаарындагы III Эл аралык "Коопсуздук мектеби" мелдешине катышат

Жаш куткаруучулар Санкт-Петербург шаарындагы III Эл аралык "Коопсуздук мектеби" мелдешине катышат. Бул тууралуу бүгүн, 22-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдешти Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өткөрөт. Иш-чаранын негизги максаты - эл аралык өнүгүү кызматташтыгын арттыруу, куткаруучулар арасында тажрыйба алмашуу. Куткаруучулар мелдешине Орусия, Азербайжан, Польша, Казакстан, Сербия, Беларусь, Болгария, Латвия жана Литвия өлкөлөрүнүн жаш куткаруучулары катышат. Анын жүрүшүндө тоскоолдуктардан өтүү, издөө жана куткаруу иштери, ошондой эле куткаруу иштерине байланыштуу татаал жарыштар орун алмакчы.

Белгилей кетсек, мелдешке Ош шаарынан тандалып алынган 7 окуучу катышмакчы. Жаш куткаруучулардын жарышы 23-июль күнү башталып, 30-июлга чейин созулат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан