Раиса Атамбаева, Элина Абай кызы, Аяна Касымова II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган роликке тартылышты

Раиса Атамбаева, Элина Абай кызы, Аяна Касымова тартылган видеотүрмөк "Кандагай" деп аталат. Анда “Манас” эпосунан үзүндү баяндалып, Кошойго Каныкейдин кандагай тигип берүүсү чагылдырылган. Аталган роликти Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы интернет каналына 20-июлда жүктөгөн.

Роликтин узактыгы жалпысынан 2 мүнөткө жакын.

Кандагай – жоокерчиликте, балбан күрөштө, эр сайышта, оодарышта кийилүүчү кайыш шым. Кандагай тоо текенин, серкенин же жаш бодонун терисинен малмага салынып, ийленип, ышкын түпкө, чүкүрүгө, эңгилчекке же кабыкка боёлуп жасалган. Ал абдан кенен, согончокко жете узун, кашатынын карышча жери эки кат шырылып, тигиштерине башка түстөгү жаргактан милте коюлуп, кош тарамышталып тигилген. Кашатындагы көңдөйгө жоон кайыш ычкыр өткөрүлгөн.

Раиса Атамбаева, Элина Абай кызы, Аяна Касымова II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган роликке тартылышты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
fanatka19
2016-07-22 17:46:07
Кайсыл жерде бурмаланып турат?.билип билбей жаза бербечи.
-10
Frunze74
2016-07-22 18:15:32
fanatka19, Манастын томдорун окудун беле, Манас атабыз ким болгонунан кабарын барбы? Качан эле илгери кыргызда аялдар чачын кыркчу эле, ала жипти аттап шерменде болгон шуркуянын гана чачын кыркып байталга тетири минизип торкунуно жеткирип берчу, андайда уят-намысынан кыздын атасы эл аралай албай калуучу.

Манас, Кошой аталарыбыз жашаган доорду изилдеп ошого ылайык койнок, шокуло жана элечектер кийилсе жаш озгочолугуно карап. Бул ролик талапка жооп бербейт, тарыхты бурмалаган
+10
zamandash
2016-07-22 19:05:06
Frunze74,Эгер сенин чачын кыска болуп.бирок сени тартабыз дешсе,айткан создорунду унутуп салсан керек э
-17
Frunze74
2016-07-22 19:46:08
zamandash, башкаларды озуно окшотпой эле койчу, экинчиден эркек адамдын чачынын кыска, аялдардын чачынын узун болгону дурус, учунчудон мен Атамбаевдер менен бир роликте тартылуу мындай турсун, алдымдан чыкса учурашпай отомун, шайлоолордо аны шайлаган эмесмин, эми да шайлабайм. Ал президенттикке татыксыз мен учун!
+9
ikitaidesu
2016-07-22 18:05:57
Чачы корунгону аз келгенсип, койноктордун жени жокко!!!
+13
Kyrgyz-aiym
2016-07-22 18:25:17
Саясаттан жылып шоу бизнеске уй булоосу менен отуп кетишсе да мейли эле топтоп буткондур байлыктарын.
+10
ofcourse
2016-07-22 20:10:21
Базар жок бир роликке тушуп койсода ичиңер түтөп кетиптирго.Ичиер күйсө туз жалагыла оозуңарга келенди оттой бербесенер....
-8
Bahira
2016-07-22 20:27:03
Легкий макияж жашашса болмок тооба илгерки заманды чагылдырган сон макияжды день и ночь кылбай жасаш керек болчу
+8
ofcourse
2016-07-22 20:32:23
Кызыңа эркегиңе тил берген экен.Карыштабай метрлеп.....
-7
USSRKG
2016-07-22 21:19:21
Аянага не бар деймда
+2
sultan89
2016-07-22 22:21:00
Бөйрөктөн шыйрак чыгарбай ,40 жерден кысыып дегендей эле жашап туралы туугандар,заманына жараша болуп жататко
-6
Frunze74
2016-07-23 00:10:20
Эл кыйналып олкодо кризис болуп жатканда 2млдр. коротуп оюн откоруу шарт беле? Мисалы футбол боюнча дуйнолук чемпионаттар откоргон олколор миллиарддарга канчалаган стадион ж.б.куруп кийин жумшаган чыгашасын сатылган билет, трансляция акысы ж.б.дан ашыгы менен кайтарып алышат. А бизде Бул 2млрд кайтаарына эч ким ишенбейт го.

Бул акчаны бала бакча, оорукана салып ооруканаларга заманбап жабдык алса болбойт беле. Курсагы ач, карызга белчесинен батып да койрон кийинген балага окшоп калы
+4
blood
2016-07-23 01:15:25
Современный МАНАС болуптурго
-5
blood
2016-07-23 01:16:17
И это просто видео ролик
-5
Emil0211
2016-07-23 01:28:07
Манастын убагында эмес кечээ Усубалиевдин убагында да мындай жени жок койнок кийген эмес кыздарыбыз.Кичине болсо да ойлонуп тартышпайбы
+5
rabyiga
2016-07-23 12:01:53
Frunze74 мен сени толугу менен колдойм эн туура ойлонуп туура айткансын акылына бали
+4
Kanat.kg
2016-07-23 13:40:25
Кыздардын жени жок экен, ошонусу окшошпой калыптыр(
+5
samira8589
2016-07-24 11:43:11
Kanat.kg,туура айтасыңар
0
admin_portal
2016-07-25 12:33:17
hann, жеке айтышуулар купуяга!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан