SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кайненеӊизге кантип кайрыласыз?" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөр:
"Мен кайненеме "апа" деп кайрылам. Башкача айтуу оюма да келбептир. Жолдошум менин апамды "мама" деп айтат. "Эне" деген деле ыйык сөз, менимче".
"Эне" дейм, өзү ошентип айтылып келген. "Апа" деген сөз жакында эле чыкты да. Негизи, "апа" же "эне" дегенден эч нерсе өзгөрбөйт, экөө теӊ ыйык сөз".
"Мен турмушка чыгып жатканда апама "кайненемди эне деп айтам" дегенимде өз апамдан уруш жегем. Апам кайненемди "апа" деп айттырган. Бир-эки жума айта албай кыйналгам".
"Мен турмушка чыккандан кийин "апа" да, "эне" да деп айта албай кыйналгам. Сөзүм болсо шыр эле сүйлөй берчүмүн. Анан апам эмне деп кайрылып жатканымды сураганда "эч нерсе, айта албай жатам" десем, "апа" деп кайрыл деген. Ошентип акырындан үйрөндүм. Кайненем "апа" дегенимде аябай сүйүнгөн".
"Апа" деген кандай сонун! "Апа" деп койсо тил тешилип кетпестир. Кайнененин кайненесин "эне" десеңер жарашат. Мен "апа" деп кайрылам. Эгер өзү эле "минтип айт, каралдым" деп калбаса".
"Менин жолдошумду таята, таенеси багышкан экен. Ошол себептен үйлөнгүчө апасын "эже" деп жүрчү. Мен келгенде жолдошумдун туугандары "биздин апа деп айт дегенибизди укпай койду, эми сен үйрөтчү" деп күлүп калышкан. Мен "сен эже десеӊ, демек, мага да эже болот, мен да ошентип кайрылайын" деп жатып үйрөтүп алгам. Кээде ушуну эстегенде күлүп калабыз. Ошол боюнча калганында балдарыбыз не дешмек?"
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.