SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Бакыт үчүн насыя" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөр:
"Азыр көпчүлүк насыя маниясы менен ооруйт. Жакшылык-жамандыкта ойлонбой туруп насыя ала коёбуз. Кээде бакыт үчүн дагы. Мисалы: насыя алып үйлөнмөй, калың бермей, сеп даярдамай... Ушундай бакыттын кереги барбы?"
"Насыя алып үйлөнбөй эле коюш керек деп ойлойм. Кийин аялыңа "сени насыяга алгам" деп айтасыңбы?"
"Кредит - бул арам акча. Аны иштеткенге болбойт. Ал эми той-аштарга өздөрүнүн деле акчалары жетет. Болгону эл көзүнө, душман көзүнө дүңгүрөтүп той беришибиз керек деп насыя алышат. Ушинтип болгон акчабызды чачып алабыз. Эртеси бири-бирибизди тиктеп отуруп калабыз. Аны төлөш керек, ошол мезгилде көйгөйлөр башталат. Негизинен эле чоң той берүүнүн кереги жок, бекерден-бекер ысырапкорчулук".
"Бакыт үчүн насыя эле эмес, бардык курмандыктарга барса болот".
"Жакында мен да ушундай окуя уктум. Бир үй-бүлө кызынын себин укмуш кылабыз деп насыя алышат. Натыйжада карызга батышат, кызы да ажырашып кетет. Арам нерсе жукпайт деген чын да".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.