Ысык-Көлдөгү "Кыргыз деңизи" пансионатында Космонавттар сейил багы 22-июлда салтанаттуу ачылды. Ал жай Советтер Союзунун учурунда дүйнөнүн ар кайсы жагынан келген белгилүү космонавттардын эс алуучу жайы болуп, алар тарабынан дарактар отургузулуп, аллея негизделген. Эми аталган жайдын уландысы катары сейил багы да ачылды. Анда бардык космонавттардын урматына эстелик орнотулган.
Салтанаттуу иш-чарада "Кыргыз алтын" ишканасынын мыкты кызматкерлерине Ардак грамоталар тапшырылып, акчалай белектер ыйгарылды. Соңунда бул жай мындан ары да гүлдөп-өнүгүп, эс алуучуларга жагымдуу маанай тартуулаган жай болсун деген тилек менен космонавттардын урматына орнотулган эстелик расмий ачылды.