Окуучулардын бири Малайзиядан келген мугалимдерге жана досторуна даярдаган белектерин тапшырды

Кереметтүү кыргыз бермети болгон Ысык-Көлдүн жээгинде Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги уюштурган билим берүү багытындагы долбоор кызыктуу уланууда. Түнгө чейин уланган
иш-чаранын 22-июлдагы бөлүгү да соңуна чыкты. Окуучулардын бири Эсенкул уулу Ибрагим малайзиялык мугалимдерине жана досторуна даярдап келген чакан белектерин тапшырды. Ибрагим Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районунан келген. Андыктан окуучу өз районундагы тарыхый, кызыктуу жана кооз жерлердин сүрөтүн даярдап келгенин англис тилинде түшүндүрүп берди. Малайзиялык мугалимдер жана окуучулар күтүүсүз белекке кубанып, Ибрагимге ыраазычылык билдиришти.

Ал эми эртең, 23-июлда долбоордун алкагында катышуучулар Чолпон-Ата шаарында жайгашкан "Рух-Ордо" тарыхый комплексине экскурсияга чыгышат.

Кыргыз-Малайзия достугун арттырган саякат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dima85z
2016-07-23 17:28:04
Ананайын менин инимго Ибрагим аман бол биз сенин жакшы иштерине кубо бололу, жакшы эс алып келгиле, чаткалдык туугандар класс баскыла барсынарбы?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан