Ысык-Көлдө эс алуучулар эле эмес, мында иштеген соодагерлердин да саны арбын. Сезон маалында каражат таап калууну көздөгөндөр жергиликтүү тургундар гана эмес, анткени Чүйдөн да барып соода-сатык менен алектенгендер көп. Алардын катарында 10 жаштагы Айдананын үй-бүлөсү да бар.
Айдана жайкы каникул учурунда жүгөрү сатып, окуу куралдарына акча топтоп жатканын SUPER.KG порталына айтып берди.
"2 бир тууганбыз. 16 жаштагы агам бар. Атам иштебейт. Ал Кеминде, үйдө. Апам менен жыл сайын Бишкектен Ысык-Көлгө келип, жүгөрү сатып иштейбиз. Мен күнүнө 10дон ашык, апам 60, агам 30 даана жүгөрү сатат. 1 даана жүгөрү 50 сом. Эгер сатуу иштери эрте бүтсө, апам түштө барып дагы бышырып келет. Ошол убакта биз көлгө түшөбүз, бирок эс алганга деле убакыт аз. Тапкан акчабызды апама беребиз. Акчаны апам кармайт. Ага күзүндө окууга керектүү дептер, калем, кийим-кечек сатып алабыз", - дейт ал.
Ысык-Көлдө батирде турушарын кошумчалап, кайрадан "ысык кукуруза" деп жолун улады маектешибиз.