Бүгүн, 24-июлда Ысык-Көлдөгү окутуу программаларынын алкагында окуучулар кыргыз элинин дагы бир кооз жайы Чоң-Ак-Суу капчыгайында болушту. Капчыгайдын салкын абасы, көпкөк асманы, тунук суулары, асман тиреген тоолору менен карагайлары алгач ирет келип жаткан малайзиялык конокторду, окуучуларды таң калтырды.
Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунун мектебинен келип катышып жаткан Темирбай кызы Гүлшан бүгүнкү экскурсия жана жалпы иш-чара тууралуу мындай дейт: "Ысык-Көлгө биринчи жолу келишим. Абдан кооз жер экен. Айлана жапжашыл болуп, жаратылыштын табигый кооздугуна сөз жок. Ысык-Көлгө суктанып бүтпөй жаттым эле, капчыгайдын кооздугу андан да укмуш экен. Окуп жаткан балдар менен да бат эле тил табышып, достошуп кеттик".
Саякаттоо учурунда малайзиялык окуучуларды да Кыргыз жеринин кооздугу таң калтырган.
"Бул жактын аба ырайы абдан салкын, суулары туптунук экен. Суудан муздак шамал уруп турган үчүн капчыгайдын ичи бир аз чыйрыктырат экен. Жаратылыштын кооздугу, айлананын тазалыгы, дагы деле жапжашыл болуп турганы жакты. Жадакалса таштар дагы көзгө жагымдуу көрүнөт экен. Буга чейин эч качан ат минип көргөн эмесмин, бүгүн биринчи жолу ат миндим, аябай жакты", - дейт Непхи Шейн Виллиам.
Ал эми Сох Чин Ю: "Бул күн аябай жакшы өтүп жатат. Мындай кооз жерди алгач ирет көрүп жатам. Жаратылыштын кооздугу аябай жакты", - деп билдирди.
Малайзиядан келген коноктор бир ооздон Кыргыз жергесинин абасынын салкындыгы, тазалыгы, жаратылышынын кооздугу өзгөчө экенин айтып жатышты. Малайзияда ар дайым эле көпкөк асманды көрө берүү мүмкүн эмес экенин айтышты.