Таласта муктаж адамдарга 148 миң сомдук жардам берилди

Талас шаарынын борбордук "Ааь-аль Байт" мечитинде жардамга муктаж жарандарга 148 миң сомдук битир-садага таратылды. Анын 94 миң сому акчалай таратылса, 54 миң сому тамак-аш түрүндө таратылды. Иш-чарага шаар аймагындагы жетим-жесирлер, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер жана оор турмушта жашаган үй-бүлөлөр катышышып, жергиликтүү элден келип түшкөн битир-садагага ээ болушту.

Казыят кызматкерлеринин айтымында, ар бир жарандан келген арыздар комиссия мүчөлөрү тарабынан кылдат текшерилип чыгып, арыздар боюнча таратылган. Ушундай эле иш-чаралар Талас облусунун башка аймактарында дагы уюштурулуп, муктаж жарандарга бут кийимдер жана миң сомдон акча каражаттары таратылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан