Чаткалда 150 орундуу мектептин курулушу башталат

Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Чакмак-Суу айылында 150 орундуу мектептин курулушу башталат. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда Чаткал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Равшан Мамурбеков билдирди.

Маалыматка ылайык, Чаткал районунун Чакмак-Суу айылына курулуучу мектептин каржы маселесин алтын казган "Кичи-Чаар-Ат" фирмасы өз моюнуна алган.

"Жергиликтүү алтын казган фирма менен келишим түзүп, 150 орундуу мектеп курмай болдук. Курулуштун жалпы баасы 30 миллион сомго бааланды. Учурда мектептин курулушуна таандык
иш-аракеттер жыйынтыкталды. 1-августта курулуш иши башталат"
, - деп кошумчалады Мамурбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
talant87
2016-07-25 10:46:48
ошондо качан бутот чаткалда сентябр октяба куун суук болсо
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан