23-июлда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда "Сары кыздын тою" аталышындагы өрүк фестивалы өттү. Ага чакырылган коноктордон сырткары негизинен райондун Тосор, Тамга, Барскоон, Чоң-Жаргылчак, Кичи-Жаргылчак, Ак-Терек, Жеңиш айылдары катышты. Бул фестиваль Ысык-Көл облусунда алгачкы жолу уюштурулуп жатат. Анын максаты - Жети-Өгүз районунда өстүрүлгөн азык-түлүктү алдыга жылдыруу, ошондой эле мөмө-жемиш жана жашылча аймактарды өнүктүрүү үчүн ички ресурстарды жана чет элдик инвесторлорду тартуу.
Жети-Өгүз эли өрүктөн башка кол өнөрчүлүктү да көрсөтсө, Баткен жана Жалал-Абад облусунан келген коноктор дагы өз азык-түлүктөрүн көрсөтүштү. Майрамдык иш-чаранын алкагында семинарлар, мастер-класстар өткөрүлүп, "Мисс сары кыз-2016" сынагы да орун алды. Ага райондогу 7 айылдан кыздар ат салышты. Майрамдын катышуучулары жана меймандар айыл чарбасы боюнча жаңы технологиялар менен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.