Ош шаарынын Амир-Темир, Туран райондоруна таза суу жеткирүү көйгөйүн чечүү боюнча рейд жүрдү. Ош шаардык мэриясынан 25-июлда кабарлагандай, текшерүүгө шаардын вице-мэри Асылбек Топчубаев, "Ош суу-канал" ишканасынын өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышып, үйлөргө ичүүчү суунун толук көлөмдө жетип-жетпей жатышына басым жасалды. Жашоочулар айдоо аянттарын сугаруу үчүн өз алдынча орнотуп алышкан суу түтүктөрү кесилип, вице-мэр таза суу жеткирүү көйгөйүн тийиштүү органдар биргелешип жакын арада чечүү тапшырмасын бергени белгилүү болду.