"Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде Үркүн окуясында каза болгондорго эстелик коюлуп, түндүк көтөрүлүүдө (фото)

"Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде Үркүн окуясында каза болгондорго эстелик коюлуп, түндүк көтөрүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда комплекстин курулуш иштеринин адиси Бактияр Саматов SUPER.KG порталына билдирди.

Учурда тарыхый комплекстин аймагында курулуш иштери жүрүп, жолдорду оңдоо, иретке келтирүү аракеттери көрүлүүдө. Маалыматка ылайык, эстеликтин бир тарабына 1916-жылы Үркүн окуясында каза болгондорго арналып атайын эстелик орнотулуп, каргашалуу окуянын тарыхы жазылат. Ал эми экинчи тарабына Орусия падышачылыгынын эзүүсүнөн жапа чегип, тоо аралап качып бараткан карапайым элдин элеси түшүрүлөт.

"Учурда курулуш иштеринин 80 пайызы жыйынтыкталып калды. Тез аранын ичинде сапаттуу кызмат көрсөтүү менен курулуш иштерин жүргүзүп жатабыз. Буга чейин ушул эле курулушта 6 топ иштеп, өз жумуштарын жасап кетти. Учурда биз кымбат баалуу гранит ташын жармаштырып жатабыз", - деп билдирди Саматов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KGstan1981
2016-07-25 14:27:09
Биринчинен ошол Ата-Бейитке баруучу жолду асфальтап койгулачы ананайын бийликтегилер.Андан бул эстеликти курасынар бул жакшы демилге бирок бир жыл отпой ошол эстелик каароосуз калат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан