Бишкек шаары менен Кытайдагы Ухан шаары бир туугандык байланышта болушат

Бишкек шаары менен Кытайдагы Ухан шаары бир туугандык байланышта боло турган келишимге 22-июлда Ысык-Көлдүн жээгинде кол коюлду. Келишимге Бишкек шаарынын вице-мэри Эрнис Зарлыков менен Ухан шаарынын вице-мэри Шао Вэймин кол коюшканы маалым болду.

"23-июлда Бишкек шаарынын мэриясында мэр Албек Ибраимов менен Ухан шаарынын вице-мэри Шао Вэйминдин жолугушуусу болду. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуу тууралуу сөз болду", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле жолугушууга Бишкек шаарынын вице-мэрлери Айгүл Рыскулова жана Геннадий Милицкий менен Ухан шаарынын Тышкы иштер бөлүмүнүн башчысы Ан Вейдунг катышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан