Атамбаев өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу тапшырмасын берди

Президент Алмазбек Атамбаев 25-июлда өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды. Министр мамлекет башчыга жаратылыш кырсыктары келтирген зыяндарды калыбына келтирүү иштери тууралуу маалымат берди. Министрликтин башкармалыктары калк жашаган аймактарды, ошондой эле инфраструктуралык объектилерди суу каптоосуна жол бербөө үчүн бардык зарыл чараларды көрүп жатканын айтты.

Президент болсо өлкөдөгү гидрологиялык кырдаалга кылдат мониторинг жасап туруу, мүмкүн болуучу өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана тобокелчиликтерди азайтуу максатында өз убагында чараларды көрүү зарылдыгын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан