Бишкекке малайзиялык туристтердин дагы бир жоон тобу келди

Кечээ, 24-июль күнү малайзиялык туристтердин дагы бир жоон тобу Бишкекке келип конду. Баш-аягы 40ка чукул турист келди. Алар бир аптанын ичинде Бишкек шаарында, борборго жакын жайгашкан Ала-Арча эс алуу багында, Ысык-Көлдө, ошондой эле өлкөбүздүн башка дагы кооз табиятынын кучагында болушат.

Бул сапардын уюштуруучусу - былтыр түзүлгөн "Ала-Тоо" Кыргыз-Малайзия достук коомунун мүчөсү Фарра Фаттах. Ал мындай дейт: “Жер кезер катары бул өлкөнү изилдеп көргүм келди. Уникалдуу, жаңы жана кызыгуу жараткан жерге дайыма барууну каалачумун. Бул уникалдуу мамлекет Малайзияда эми билине баштады”.

Малайзиялык туристтер жергебизге куру кол келбей, "Кара жорго" бийин даярдай келишкен. Сапар "Ала-Тоо" Кыргыз-Малайзия достук коому жана Малайзиядагы Кыргыз Республикасынын элчилигинин колдоосу менен уюштурулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Jooshbai
2016-07-25 12:51:11
molodes kylychbek sultanov
+3
USSRKG
2016-07-25 13:32:53
Бардык элчилик ушундай иштесе кана
+3
ilgis1991
2016-07-25 13:41:07
Кылычбек озумун братым го Мырза -Аки
-2
Aidowi
2016-07-25 13:47:20
Эмнеле келип атышат
-4
Lion.
2016-07-25 13:58:55
Aidowi, сени сурасын деп
+2
KGstan1981
2016-07-25 14:20:23
Малазиядагы элчи жакшы иштеп жатат жана журуш турушу жонокой ыймандуу адам экен.
+4
Azizbek.kg8
2016-07-25 14:30:59
Турист тартканы жакшы Кыргызстан ды коп жерге таанытат.Бардык элчилен ушунтип иштесе жакшы болмок.
+2
bela77
2016-07-25 15:54:58
Башка олколордогу элчилер улгу алгыла жеп-ичип отура бербей!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан