Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтынын аймагы иреттелип, Эгемендүүлүк майрамына даярдыктар башталды. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык ишканасынын адиси Нурбек Чолпонов билдирди.
"Жол четиндеги лотоктор алмаштырылып, дарактар акталып, ийилген шактарды кыркуу иштерин жүргүзүп жатабыз. Бул кадамдардын баары 31-Август - Эгемендүүлүк майрамына карата жасалууда. Анткени майрамга утурлай шаарыбызга чет элден жана өлкөнүн башка аймактарынан коноктор келет. Ошондуктан шаардыктарга жана конокторго жагымдуу маанай жаратуу үчүн аракет кылып жатабыз", - деп кошумчалады Чолпонов.
Маалыматка ылайык, шаарды тазалап, иретке келтирүү иштери 31-Август - Эгемендүүлүк майрамына карата жүргүзүлүүдө. Иреттөө иштери 1-августка чейин жыйынтыкталат.
"Учурда жерге батып кеткен жана эскилиги жетип жараксыз болуп калган 400 даана лотокту алмаштырдык. Мындан сырткары ордунан жылып кеткен бордюрларды ордуна кайрадан коюп, жараксыз болуп калгандарын жаңылап жатабыз", - дейт муниципалдык ишкананын адиси.