Бүгүн, 25-июлда Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги уюштурган бир апталык англис тили боюнча билим берүү, эс алуу программалары соңуна чыгып, окуучуларга алган билимдери тууралуу сертификаттар тапшырылды.
"Өлкөнүн эң мыкты делген окуучулары ушул жерге чогулду. Биздин максат силерге билим берүү гана эмес, жайкы каникулда эс алууга да шарт түзүү болчу. Алган билимиңердин келечекте пайдасы чоң, андыктан билим алууда жалкоо болбогула. Билимдүү адамга дүйнөнүн бардык жеринде эшиктер ачык болот. Эс алуу учуруна карабай силерге билим берген кыргыз мугалимдерине да ыраазычылык билдирем" деген КРнын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов окуучуларга ийгиликтерди каалап, иш-чарада көмөк көрсөткөн мугалимдерге ыраазычылык каттарын тапшырды.
Ал эми Кыргыз жеринен барган мугалимдерге да Кыргыз Республикасы менен Малайзия өлкөсүнүн ортосундагы алаканы жакшыртуу, балдардын билим алууга, дүйнө таанымын арттырууга, билим берүү иш-чарасын өткөрүүгө көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык каты тапшырылды. Ыраазычылык каттарын, сертификаттарды тапшыруу учурунда окуучулар дүркүрөтө кол чаап турушту.
Бир жумалык билим берүү, эс алуу иш-чарасы тууралуу Кылычбек Султанов буларга токтолду:
"Билим берүү, эс алуу иш-чарасы биз ойлогондон да мыкты болду деп ойлойм. Бул иш-чараны пландап баштаганда мынчалык деңгээлде ийгиликтүү болот деп элестете алган эмеспиз. Бүгүн келе жатып окуучулардын таза, акценти жок бири-бири менен англис тилинде баарлашып, мени менен учурашкандары мен үчүн жагымдуу болду. Жаш муундарга билим, тарбия берүүчү кийинки иш-чараларды аткарууга мага дем-күч берди. Мугалимдердин бир жумада окуучулар менен ынак болуп, сапарлары аяктап, окуучулар менен коштошор алдында тургандыктарын айтып жатып көздөрүнө жаш алышканы өзгөчө таасир калтырды. Уюштурган иш-чара эки элдин ортосундагы достукту бекемдөө максатына жетти деп ойлойм. Бул иш-чарада колдоо көрсөткөн элчиликтин кызматкерлерине, мугалимдерге, баарына ыраазычылык билдирем".
Сертификаттарды тапшыруу иш-чарасынын соңунда окуучулар окутуу программалары кызыктуу болгонун атайын плакаттарга сүрөт тартуу аркылуу да билдирип, ар бир окуучу бул иш-чара эмнеси менен эсте калганын айтып берди. Баары бир ооздон кызыктуу болгонун, саякаттоо, көлгө түшүү, жаңы досторду тапканын, даамдуу тамактанышканын айтышып, бул нерсенин баарын уюштуруп берген КРнын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султановго ыраазычылыгын билдирип жатышты.
Малайзиялык мугалимдер кыргыз окуучуларына, иш-чаранын катышуучуларына ыраазычылыктарын билдиришип, "Англис тилин окууну уланткыла, мыкты деңгээлде үйрөнгүлө. Малайзияга барганда сөзсүз бизге жолугуп кеткиле. Кыргыз жери, жаратылышынын кооздугу, меймандостугу аябай жакты. Кыска убакытта силерге аябай көнүп, жакшы көрүп калдык. Эми силерди сагынабыз" деп көздөрүнө жаш алышты. Андан соң баарына ала келген атайын белектерин тапшырышты.
Ошондой эле "Кыргыз деңизи" пансионатынын директору Жалил Бозгорпоевге да кыргыз окуучулары үчүн уюштурулган билим берүү, эс алуу программасын өткөрүүдө кошкон салымы үчүн ыраазычылык каты тапшырылды. Ал эми малайзиялык коноктор окуучуларга билим берүү менен бирге көл жээгинде мыкты эс алгандыгын, ар дайым даамдуу тамактанышкандыктарын айтып, ыраазычылыктарын билдирүү менен аталган пансионаттын директору Жалил Бозгорпоевге Малайзиядан ала келген белектерин тапшырышты.
Сертификаттар тапшырылган соң баары элчи менен эстеликке сүрөткө түшүштү.