Мындан 15 жыл мурун сүрөт тартууну баштаган Гузаля Шафиева - татар кызы. Ал кадимки эле тарелкаларга кыргыз оюуларын түшүрүп, анын кандай жасаларын SUPER.KG порталына айтып берди.
- Өзүм С.Чуйков атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм сүрөт окуу жайын аяктагам. Окууну аяктагандан кийин тез эле бул кесиптин жемишин көрө алган жокмун. Сүрөтчү, дизайнер болгондуктан, алгач үйлөрдүн, кафелердин ички дизайнын жасап жүрдүм. Акырындык менен буйрутмалар түшүп, кардарларым көбөйүп, итим чөп жей баштады.
"ИДЕЯНЫ ИНТЕРНЕТТЕН КӨРҮП, ХОББИ КАТАРЫ АЛЕКТЕНИП КӨРӨЙҮН ДЕГЕМ"
- Ал эми тарелка бетине сүрөт тартууну мындан 3 жыл мурун баштагам. Бул идеяны интернеттен көрүп, эмне үчүн кыргыз орнаментин тарелка бетине түшүрүүгө болбосун деп, хобби катары тартып жүрдүм. Минтип элдин суроо-талабы өсүп, кызыгуу көп болгондуктан, тарелкалардын санын көбөйтүп, сатыкка алып чыккам. Азыр күнүнө 5-6 тарелка сатам. Баасы 300 сомдон 800 сомго чейин. Көбүнчө сырттан келген туристтер алып кетишет. Демек, кыргыз элинин улуттук оюулары түшүрүлгөн "Шырдак" аталышындагы тарелкалар чет элдиктердин үйүндө да илинип турат десем болот.
ЫСЫК МЕШТЕ КАКТАЛГАН КАДИМКИ ТАРЕЛКАЛАР
- Тарелка бетиндеги боёк акрил деп аталат. Алгач таза, жазуусу жок кадимки эле тарелкаларды сатып алып, ага акрил боёгун жабам. Ал кургагандан кийин дагы бир боёк коём. Антпесе боёк агып кетет. Ар кандай түстүү боёктор менен оймо-чиймелерди, гүлдөрдүн сүрөттөрүн түшүрүп, ысык мешке салам. Ал кургап, катып калгандан кийин жуусаң дагы кетпейт жана өңү өчпөйт.