ЖЫЛНААМА, 25-ИЮЛЬ: "Танец под дождём" ыры менен белгилүү болгон Эркин Мукашев туулган күнүн 30 жылдан бери Бишкектен тосо элек

Мындан 54 жыл мурун, 1962-жылы 25-июлда ырчы Эркин Мукашев учурдагы Бишкек шаарында туулган. Ырчы бүгүнкү туулган күнүн күндүз жакындары менен тосорун, кечкисин жумушка чыгарын айтты.

"Жумуштан түнкү саат 12лерде келдим, ошондо эле алгачкылардан болуп жубайым менен уулум туулган күнүм менен куттукташты. Бүгүн күндүз үй-бүлөм, туугандарым жана жакындарым менен кафеде болобуз. Кечкисин кадимкидей эле жумушка чыгам. Жумушка барышым керек", - деп бүгүнкүгө койгон пландары менен тааныштырды.

Эркин Мукашев буга чейин туулган күнүн Бишкекте тоспогонун кошумчалады:

"30 жылдан бери туулган күнүмдү өз шаарымда белгилей элекмин, мына бүгүн белгилейм. Ар бир адам туулган күнүндө жылды жыйынтыктайт эмеспи... Мен да алардын катарындамын. 2016-жылга ыраазычылык билдирем. Жакындарыма, досторума куттуктоолору менен каалоолору үчүн рахмат айтам, алар мен үчүн абдан кымбат адамдар".

Эркин Мукашев “Наристе”, “Семетей”, “Авангард” аттуу эстрадалык топтордун жаралуусуна өзүнүн чоң салымын кошкон. Ал Москвада өткөн 12-Бүткүл дүйнөлүк фестивалдын лауреаты жана бир катар сынактардын дипломанты. 2000-жылдардын башында Эркин Мукашевдин "Танец под дождём" аттуу ыры хит болгон. 1985-жылы негизделген “Элес” тобунда 4 жыл ырдаган.

25-июлдун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Jooshbai
2016-07-25 14:02:29
ne jumuw kylat eken tunu
0
fanatkg
2016-07-25 16:22:04
Чач чики-чикиго)))
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан