Бишкек шаарынын Жаш Гвардия сейил багында спорттук аянтчанын ачылыш аземи өткөрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бульварга орнотулган спорт аянтчасы заман талабына ылайыкташтырылып жасалган. Куруу жана каржылоо иштерин өлкөдөгү белгилүү банктардын бири өз мойнуна алган.
Спорт аянтчасынын ачылыш аземине Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Алмаз Кененбаев, вице-мэр Айгүл Рыскулова жана район акими Нурдин Тынаев катышты. Шаар тургундарынын жана келген коноктордун катышуусунда спорт аянтчасынын кызыл тасмасы кесилди.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучуларга ыр-бий тартууланды. Мындан сырткары кикбокс боюнча Дүйнө чемпиону Алексей Федосеев орнотулган спорттук шаймандарда өзүнүн спорттук ыкмаларын көргөздү.