Кыргыз мамлекетинде жуптардын расмий никеге туруусун Бакыт үйүндө эмес, алар айткан жерге барып каттоо акысы - 5423 сом. Түгөйлөрдүн никеге тургандыгы тууралуу күбөлүгүн салтанаттуу тапшыруу мобилдүү топтору 2016-жылдын 1-майында түзүлгөн. Андан бери топ 60 жуптун никесин каттаганын 25-июлда Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Салтанаттуу каттоонун жаңы форматында никени каттоонун жаңы тексти бекитилген, ошондой эле кызматкерлер үчүн тапшырык менен жөнөкөй стилдеги улуттук оюулардын элементтери салынган жаңы форма тиктирилген. "Бул кызмат көрсөтүүнү сунуштоо - көмүскө кирешени көлөкөдөн алып чыкты, андан республиканын бюджетине салыктык жана социалдык которуулар боюнча бардык тиешелүү төлөмдөр келип түшүүдө. Бир жолку чыгуунун баасы 5423 сомду түзөт, акы төлөө банктын кассасы аркылуу гана өткөрүлөт. Салтанаттуу никеге тургандыгы тууралуу күбөлүктү тапшырууга карата билдирме никеге туруу тууралуу арыз берип жаткан учурда Жарандык абалдын актыларын каттоонун бардык бөлүмүндө берилет", - деп айтылат маалыматта.