Президент Алмазбек Атамбаевдин кичи мекени Аламүдүн районунун Арашан айылында көчөлөр жарыктандырылып, спорт аянтчалары курулган. Учурда бул айылга спорттук комплекс курулуп жатат. Арашан айыл аймагынын башчысы Нурзаман Адашпасовдун SUPER.KG'ге билдиришинче, курулуш иштери 80 пайызга бүттү.
"Учурда айылдыктар үчүн кышкы спорткомплекс курулууда. Бүгүнкү күндө курулуш иштеринин 80 пайызы жыйынтыкталды. Жумуш аяктап, комиссия кабыл алгандан кийин документтер топтоштурулуп, спорткомплекс айыл өкмөттүн карамагына өткөрүлөт", - деди Адашпасов.
Анын билдиришинче, Арашан айылында көчөлөр асфальттанып, жашоочуларга ыңгайлуу шарт түзүлгөн.