24-июлда акыйкатчы Кубат Оторбаев Бишкектеги №47-абактын ички абалын текшерип чыгуу максатында аталган абакка барган. Бирок абак жетекчиси А.Каримов ички эрежелерге ылайык акыйкатчыны мекеме ичине киргизбей койгонун Акыйкатчы институтунан билдиришти. Акыйкатчыга бул абактын ичинде укук бузуулар орун алып жаткандыгы тууралуу депутаттар тарабынан кат келип түшкөндүктөн, абактын ичин ал тоскоолдуксуз текшерип чыгуусу керек эле. Андан сырткары ага сүрөткө жана видеого тартууга тыюу салынган. Бирок акыйкатчыга мындай тыюу салуулар бар экендигин ал далилдеп бере алган эмес. Оторбаев Каримовдун мындай аракетине чара көрүү үчүн Башкы прокуратурага арызданмакчы болууда.