23-июль күнү дайынсыз жоголгон 6 жана 8 жаштагы эки кыз табылганын Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан 25-июлда кабарлашты. Маалым болгондой, 24-июлда Аламүдүн РИИБине Төмөнкү Ала-Арча айылынын 33 жаштагы тургуну кайрылып, 23-июлда саат 15:30 чамасында эки кызы үйүнөн чыгып кетип кайра келбей калганын айткан. Чүй ОИИББинин патрулдук милиция кызматкерлери тарабынан эки кыз табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди.