Ысык-Көлдөгү окуучулар концертте өз таланттарын жогорку деңгээлде көрсөтүштү (фоторепортаж)

25-июлда Ысык-Көлдөгү кыргыз окуучулары үчүн КРнын Малайзиядагы элчилиги уюштурган билим берүү, эс алуу иш-чарасы соңуна чыгып, өздөрү даярдашкан чакан концерт тартуулашты. Анда катышуучулар 3 командага: ак, сары жана кызыл командасы болуп бөлүнүшүп, ар бири атайын номерлерди тартуулашты.

"Актар" командасы концертти белгилүү "Жалын" бийи менен баштап берди. Энелерге арналган ыр ырдалып, команда мүчөсү Айдана Айтбаева акын Шайлообек Дүйшеевдин "Эсиңе кел" чыгармасын ушунчалык таасирдүү айтып бергендиктен баары берилүү менен угушту.

 Айдана Айтбаева

"Сарылар" командасы чыгыш бийин бийлөө менен таланттарын көрсөтүүнү башташты. Окуучулар жалбырактардан кийимдерин кооздоп бийлегени баарына жагымдуу маанай тартуулап, көрүүчүлөр кол чабуу менен "Азаматтар!" деп кыйкырып турушту. Андан кийин Айыма Айылчиеванын "Ураан" ырын чогуу ырдашты. Кыздар назик, жай ыргактагы ырга бийлешкен соң жалпы чет элдик музыкага бийлешип, залда отургандардын бүйүрүн кызытышты.

"Сарылар" командасындагы Ибрагим, Акбардын айтымында, концертке кызуу даярданышкан. "Балдар көбүнчө кыздардын айткандарын жасап, жардам берип турушту. Кыздардын мээнети менен жакшы жыйынтык көрсөтүп, көрүүчүлөрдүн мактоосуна татыдык. Мурда уялып, тартынып жатып бийлечү эмеспиз. Көрсө, каалоо болсо, баарын жасаса, үйрөнсө болот экен. Балдардын баары эле биринчи жолу эл алдында бийлеп жатышты. Баарыбызга аябай жакты", - дешет Ибрагим менен Акбар.

"Кызылдар" командасындагы Айбийке Касымова англис тилинде ырдап, көрүүчүлөрдүн алкышына арзыды. Попурри ырларга бийлешип, команда мүчөлөрү өнөрлөрүн көрсөтүштү. Ал эми "Чамгыр" аталышындагы жомокту заманбап стилде көрсөтүштү, тагыраагы, интернетке "байланган" адамдарды чагылдырышты.

Айбийке Касымова

Команданын мүчөсү Самар Канатов концертке болгон даярдыктар тууралуу мындай дейт:

"Бүгүнкү жомокту заманбап стилде көрсөтүп берүү идеясы Айбийкеге таандык. Алгач эч ким терс каармандарды ойногусу келбей жаткан, акырында гана образга кирип көрсөтүп бере алышты. Биз бул чыгарма аркылуу интернет менен "ооруп жаткан" коомдогу адамдарды көрсөткүбүз келди. Жакын турса да бири-бирине СМС жазышкан жаштар бар да. Жадакалса жашы бир топко барып калган адамдар да интернеттен баштары чыкпайт. Андыктан адамдарга жүзмө-жүз көрүшүп, жолугушуп, сүйлөшүп отургула деген ойду айталы дегенбиз".

Малайзиялык мугалимдер да таланттуу экенин көрсөтүшүп, алгач "Кара жорго", андан соң Индия элинин бийин бийлешти.

Концерттин соңунда малайзиялык мугалимдер окуучулар менен кучакташып коштошушту. Кыска убакытта бири-бирине көнүп калышкандыктан, көпчүлүгү эмоциясын жашыра албай көздөрүнө жаш алышты. Кийип турган футболкаларына ар бири ысымдарын, бири-бирине каалоо-тилектерин жазып, жылуу маанайда уктоого тарашты.

Кыргыз-Малайзия достугун арттырган саякат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан