Бүгүн, 26-июлда Бишкектин айрым бөлүктөрүнө убактылуу таза суу берилбейт. Мэриядан билдиришкендей, Тыныстанов көчөсүндөгү суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу саат 09:00дөн 22:00гө чейин Бөкөнбаев-Эркиндик-Фрунзе-Абдрахманов көчөлөрүндө суу жок болот. “Бишкек суу-канал” ишканасы мындай ыңгайсыздык үчүн шаардыктардан кечирим сурап, алдын ала суу камдап алууну суранды.