Бүгүнкү күнү өлкө аймагында өнөр жай калдыктарын сактоочу 92 жай бар. Алардын 53ү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин карамагында. Ал эми калганын учурда иштеп жаткан өнөр жай ишканалары карайт. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов маалымат жыйынында билдирди.
“Министрликтин карамагындагы калдык сактоочу жайдын 20сы тоо-кен калдыктары, ал эми 33ү 1940-1960-жылдары иштеп, учурда кароосуз калган уран калдыктары болуп эсептелет. Бул жайларга мурда көңүл бурулбагандыктан учурдагы абалы өтө начар. Айрымдары сууга жакын көмүлгөн. Мындан улам аларды коркунучсуз абалга алып келүү керек”, - деди Кубатбек Боронов.
Министрдин айтымында, калдыктарды сактоочу жайларды реабилитациялоо үчүн иштер жүрүүдө.
“Жакында эле Лондондо Европа банкынын 1-ассамблеясы болуп өттү. Анда Орто Азия мамлекеттериндеги калдыктарды сактоочу жайларды калыбына келтирүү үчүн түзүлгөн фонд боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү. 2017-жылдын март айынан тарта Майлуу-Суу жана Миң-Куштагы калдык сактоочу жайларда реабилитациялоо иштери башталат”, - деп кошумчалады министр.
Айта кетсек, жогоруда аталган фонд 2015-жылы түзүлгөн. Анын карамагында 16,5 миллион евро акча каражаты бар.