СУПЕРСТАН: Эмнеге балдарга уялчаак кыздар жагат?

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Жигиттерге уялчаак кыздар жагабы?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөр:

"Албетте, чакчаңдаган, бетке айтып, беттен алып сөз кайтарган эркектей кыздар жага бербейт. Аял кишиге окшоп назик болуп, уялып, оозунан жаман сөз чыкпай турганга эмне жетсин!"

"Кыздардын өтө эле уялчаактары деле болбойт. Алар менен абдан зеригип кетесиң го".

"Эркек болгонумда мага, тескерисинче, тарс-тарс сүйлөп турган кыздар жакса керек эле. Өтө уялчаак болгон да болбойт, ачылып сүйлөшө албайсың".

"Азыркы кыздар уялса эки күн уялат, үчүнчү күнү башыңа эле минип алышат го".

"Туура, балдарга уялчаак, созулган кыздар жагат экен. Бирок мен андай эмесмин, тарс-турс этип сүйлөй берем. Билбейм, мага андай созулуп, уялып, жасалма болгон жакпайт. Меникиндей мүнөздөгү кыздар тууралуу көп жигиттер жаман ойлошот экен. Ким кандай ойлой турганы мени кызыктырбайт, себеби бул менин мүнөзүм. Кандай болсом, ошондой жакшы көргөндөр да бар".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kyrqyz
2016-07-26 17:19:50
Аял кишилер жооп бербейле коюшса болмок.эркектерди уксанар озунбай
+17
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан