Ала-Бука районунда 46 мектеп толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, жаңы окуу жылына даяр

Ала-Бука районунда 46 мектеп толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, жаңы окуу жылына даяр. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда SUPER.KG порталына Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Чынара Турдукулова билдирди.

"Бүгүнкү күндө 46 мектеп толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Райондук билим берүү бөлүмү тарабынан атайын комиссия түзүп, мектептердин жаңы окуу жылына карата даярдыгын текшерип чыктык. Азыркы учурда райондогу бардык мектеп толугу менен жаңы окуу жылына даяр", - деп кошумчалады Чынара Турдукулова.

Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысынын айтымында, учурда район боюнча мамлекеттик бюджеттен 3 мектеп курулууда. Алар: 1-Май айыл аймагында 150 орундуу, Өрүктү айыл аймагында 150 орундуу жана Ак-Коргон айыл аймагындагы 270 орундуу мектептин курулушу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ALATOOLUK.JIGIT
2016-07-26 18:03:06
Ала-Бука активдуу иштерде ушинтип ар дайым алдыда))
0
talant87
2016-07-26 18:07:33
270 орунду мектеп менин айлыма курулуп жатат буйруса быйыл ишке кирет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан