Мындан 52 жыл мурун, 1964-жылы 26-июлда америкалык актриса Сандра Буллок АКШнын Виргиния штатындагы Арлингтон шаарында төрөлгөн. Анын эң ийгиликтүү ролдору "Көрүнбөгөн тарап" ("Невидимая сторона"), "Кагылышуу" ("Столкновение"), "Өлтүрүү маалы" ("Время убивать"), "Көлдүн жээгиндеги үй" ("Дом у озера") жана "Ылдамдык" ("Скорость") тасмаларында болгон. "Көрүнбөгөн тарап" аттуу тасмасында жараткан ролу үчүн "Мыкты актриса" номинациясында "Оскар" жана "Алтын глобус" сыйлыктарын алган.