1-2-август күндөрү Ош шаарында дүйнөнүн 23 өлкөсүнөн келген диаспора өкүлдөрү катышкан III "Мекендештер-2016" форуму өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 26-июлда SUPER.KG порталына “Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Догдуркүл Кендирбаева билдирди.
Маалыматка ылайык, форумга дүйнөнүн 23 өлкөсүнөн келген диаспора өкүлдөрү катышат. Ал эми өлкө жетекчилеринен Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлик өкүлдөрү катышмакчы.
"Форумдун жүрүшүнө бизнес бирикмелеринен өкүлдөр, эл аралык жана улуттук эксперттерден турган 400гө жакын адам катышат. Иш-чаранын негизги максаты - чет өлкөлөрдө жашаган инвесторлордун көңүлүн буруу. Мындан сырткары инвесторлорго Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, бизнес жүргүзүүнүн жолдору жана келечеги тууралуу айтылат", - деп кошумчалады Кендирбаева.
Иш-чаранын алкагында форумдун катышуучулары кол өнөрчүлүк жана зергерчилик өнөр менен жасалган буюмдар көргөзмөсүн көрө алышат.