Шамалды-Сайда 18 жаштагы кыз 13 күндөн бери дайынсыз болуп жатат. Апасы анын кайда жүргөнүн билгендерге сүйүнчүсү боло турганын айтты

Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай шаарчасынын 18 жаштагы тургуну Гүлнура Райимжан кызы 13 күндөн бери дайынсыз болуп жатат. Өзүн кыздын апасымын деп тааныштырган Калыс Мамашова SUPER.KG'ге кызынын жоголгонун 26-июлда билдирди. Гүлнура аталган шаарчадан 13-июль күнү кечки саат 20:10 чамасында чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес. "Ошол күндөн бери издеп, дайынын билбей жатабыз. Жакын туугандар, милиция издеп жатат, эч кандай маалымат жок. Анын кайда жүргөнүн билгендер айтышса, сүйүнчүсү болот", - деди апасы Мамашова.

Кыз үйдөн ак түстөгү футболка, ак түстөгү шым кийип, кара түстөгү баштык көтөрүп кеткен. Гүлнура Райимжан кызы 1998-жылы 28-июлда төрөлгөн.

Эгерде аны көргөн-билгендер болсо,
(0772) 11-66-28, (0777) 60-45-26, (0557) 56-04-69, (0779) 56-66-40 телефон номурларына байланышсаңыздар болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (16)
begai93
2016-07-26 22:08:32
Иии Кудайым ий табылып калса экеен....!
+4
Rasul1987
2016-07-27 00:37:53
begai93,деги аман эле болсо экен секет кетейин десе
+4
Lingkongjing
2016-07-26 22:26:39
Аман болсун чырактай болгон кыргызымдын кызы.Аллах жардамчы болуп табылып калышына тилектешпиз.
+5
bakulya2015
2016-07-26 23:28:39
Жараткан Алла уйуно аман эсен келишин насип этсин! Эч бир жан мындай болбосун. Баарыбызга узак омур,ден соолук,ыйман,сабр бер. Жакшыга жанашып,жамандан адашып журолу. Мындай окуялар эч болбосун кудай озу туура жол корсотсун Ин Ша Аллах.
+4
medetbek.isanov
2016-07-26 23:40:47
Табылсын деген тилек
+2
lexus47
2016-07-26 23:44:34
20:10 чамасында баштыкчасын которуп кайда жоногон экен? кызык... табылсын эми эсен аман
+3
begai93
2016-07-27 02:25:58
lexus47,кара тустогу сумка которуп иштен уйуно жоногон! Оба эсен аман табылып калсын!
+1
lolo.1
2016-07-26 23:47:57
Гуйого тийген делип табылып калсын
+4
KG.Kushtarbek
2016-07-26 23:56:05
Таабылып калсын еми
+2
janym_eka
2016-07-27 04:57:55
Туулган кунундо табылып калсын
0
tnt_ostrof
2016-07-27 06:54:32
Колго кетсе керек...
-1
Usow
2016-07-27 07:22:26
Аллах аркандай жамандыктардан озу сактасын
+1
Zamirbek_77
2016-07-27 08:18:56
Табылы калсын, алла жаманчылыктан сактасын.
+1
janaraMK090911
2016-07-27 09:20:53
ииии табылып калса экен эми
супер инфо табылса бизге суйунчулогонду унутпагыла!
+2
Nura2587
2016-07-27 11:53:18
Гүкүнтай кайда кеттиң апаңды сыздатып. сени күтүп жатат баары тезирээк аман эсен кайтып кел
+2
begai93
2016-07-29 16:36:33
Байкуш кыз! Жаткан жерин жайлуу, топурагын торколуу болсун ((( аябай окунучтуу.... 18жаш гулдой курагында кете бердин.... (
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан