Жыл башынан бери өкмөткө кат түрүндө 3027 жана оозеки түрүндө 880 кайрылуу түштү. Өкмөттүк аппараттан кабарлашкандай, кайрылуу ээлеринин көпчүлүгү Бишкек шаарынын тургундары. Бишкек шаарынан – 1060, Чүй облусунан – 458, Жалал-Абад облусунан 364, Ош облусунан – 264, Ысык-Көл облусунан – 252, Нарын облусунан – 245, Ош шаарынан – 143, Баткен облусунан – 130, Талас облусунан 83 адам кайрылган.
Негизинен турак жай, социалдык кызматтын иши, пенсия, жеңилдиктер, жөлөк пулдар, айыл чарба жерлери, билим берүү жана саламаттык сактоого тийиштүү маселелер боюнча кайрылуулар болгон.