БУУнун башкы катчысы “олимпиадалык элдешүү” убактысын жарыялады

БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун Рио-де-Жанейродо 5-августта башталуучу Олимпиада оюндарынын убактысын “олимпиадалык элдешүү” убактысы деп жарыялап, согуш майданына катышы бар бардык өлкөлөргө оюндар өтүп жаткан учурда курал-жаракты жыйыштыруу жөнүндө кайрылуу жасады. Кайрылуу БУУнун расмий сайтында бүгүн, 27-июлда жарыяланды.

“Мен Рио-де-Жанейродо өтүүчү Олимпиада жана Паралимпиада оюндары учурунда бүт дүйнөгө элдешүү убактысын жарыялап, бардык согуштарды токтотууга чакырам”, - деди Пан Ги Мун.

Олимпиада оюндары тынчтыкты талап кыларын жана быйылкы оюндар Түштүк Америкада биринчи жолу өтүп жаткандыгы үчүн тарыхка кирери белгиленип, “Ыйык Олимп отунун жарыгы замбиректердин үнүн бассын” деген чакырык менен аяктаган аталган кайрылуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан