Экономикалык көйгөйлөрдү чечүү үчүн бүгүн, 27-июлда “Бизнестин алдынкы тармактарынын көйгөйлөрү жана аны чечүү жолдору” аталышындагы тегерек столду Эл аралык ишкерлер кеңеши Бишкек шаарында өткөрүп жатат.
Аталган иш-чарага Жогорку Кеңештин, өкмөттүн, эл аралык уюмдар жана элчиликтердин өкүлдөрү катышып, экономикалык көйгөйлөрдү чечүү үчүн сунуш-пикирлер күтүлүүдө. Вице-премьер Олег Панкратов тегерек столду ачып берип, ЖКнын депутаттары Абдывахап Нурбаев жана Руслан Казакбаев, экономика министри Арзыбек Кожошев иш-чаранын катышуучулары менен учурашты. Негизинен кыргыз бийлиги менен бизнестин ортосунда байланыш бар экенин белгилешип, бирок ошол байланышты арттырып иштөө керектигин белгилешти.
“Өкмөт жана жеке ишкерлер бири-бирин түшүнүү менен иш кылышууда. Ар бир мамлекеттин экономикасынын локомотиви бизнес экени анык, ошол себептен ишкердик жаатына жеңилдиктер каралып жатат. Экономика министрлиги бул багытта Бажы биримдигинин алкагында иштерди жүргүзүп жатат”, - деди экономика министри Арзыбек Кожошев.