Москвада пол жууп иштеген кыргыз келин полиция кызматкерлери шаар четине алып барып кордук көрсөтүп, зер буюмдарын чечип кетишкенин айтып берди (фото)

Орусиянын Москва шаарына жолдошу менен бирге барып, соода борборлорунун биринде пол жууп иштеген 23 жаштагы Тазагүл аттуу келин полиция кызматкерлеринен кордук көргөнүн 27-июлда SUPER.KG'ге айтып берди. Жадакалса сөйкө жана нике шакегин да чечип кетишкен. Тазагүлдүн айтымында, тиешелүү документтеринин баары өз ордунда болгонуна карабай "депортация кылабыз" деп коркутушкан."Баткендин Кадамжай районундагы Охна айылынан болом. Жолдошум экөөбүз айылда жумуш жоктугунан улам Москвага иштегени келгенбиз. 26-июль күнү 13:00 чамасында 3 полиция кызматкери мени кармап алып, документтерди сурашты. Паспорт, каттоо, миграциялык келишимди көрсөтсөм да мени машинага салып шаар сыртына алып барышты. Болбогон суроолорду беришкенинен жооп бербей койсом 6 жолу бетке чабышып, "депортация кылабыз" деп коркутушту. Бири "сүйлө" деп кыйкырып, андан кийин жолдошумдан белекке алган 7500 сомдук сөйкөмдү, нике шакегимди чечип алды. "Алтын чынжырың барбы, аны да бер" дешти. "Алтын чынжырым жок" десем, "анда бул алгандарыбызды эч кимге айтпа, айтсаң өмүрүңдү абакта өткөрөсүң" деп таштап кетип калышты", - деди токмок жеген Тазагүл.

Ал жалынганына карабай ушундай ишке барган полиция кызматкерлерине чара колдонуу жана өзүнө укуктук жактан жардам алуу үчүн Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынан жардам суроодо.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
KG.Kushtarbek
2016-07-27 12:30:33
Ее Егер докменттер таза болсо арыз жазыш керек
+4
Arslan12
2016-07-27 12:33:57
РФнын прокуратурасына жаз эртерек коркпой эле качып кете электе, кыргызстандын милициясын тоготмок беле алар законду сыйлабаса.
+10
Akabai
2016-07-27 13:29:45
Значоктогу номерлерин же машинанын номерин жаттап коюш керек эле. Точно эле полиция кызматкерлери бекен
+2
Jazi89
2016-07-27 13:49:54
Арыз жаз коркпой ,Эгер москвада болсон бар главный жерге ошол полициялар кызматынан да бошотуш керек .
0
Begimkyz
2016-07-27 13:57:31
Ооба тиешелүү жерлерге барып кайрылып көр. Посольстводон жардам күтпөй эле койсо болот.
+6
ukmuw-ukmuw
2016-07-27 14:15:05
Begimkyz,туура айтасын посолства жардам берди дегенди уга елекмин
+3
begai93
2016-07-27 13:59:26
ХХХ ХХХ ХХХ! Булар али наркы дуйнодо коротго азапты!
0
admin_portal
2016-07-27 14:06:13
begai93, этика нормаларын сактаңыз!
0
Komrad
2016-07-27 14:21:17
Тоскондо алардын да документтерин сураганды унутпагыла жердештер. Аты жонун эстеп калгыла жок дегенде.
+1
KGstan1981
2016-07-27 14:30:55
Москвада коп кором жаш кыргыз келиндер, кыздар алтын цепочкаларды тагып алышат .Урматтуу кыргыз келиндер бир гана обручальный кольцонорду таккыла эмне болсо дагын ботон жерде журобуз.Этият болгула.
+6
takowa_tyratbekovna94
2016-07-27 14:53:54
KGstan1981,ооба сактыкда кордук жок
0
tatynam_88
2016-07-27 16:26:53
Ииий бул кошунам го.органдагылар ушул ишке барып турса башкаларга жол болсун да.кудай сактасын.кайрылуусу жоопсуз калбаса экен эми
0
leilek_suluktu
2016-07-27 19:31:51
Эри каякта журду экен милициялар жаакка чаап эле кетип калбаса керек орус оюдагын жасайт
0
modern-group
2016-07-27 20:25:38
укук коргоочулар канакей эми корсоткулочу озунорду эмненин устунон чыгат экенсинер!
0
hann
2016-07-28 01:28:40
modern-group,алар бул иштин артынан эч кимден акча ала алышпай. Ошондуктан чийдин туьу жыпжылуу деп жата беришет. Буга эч тан калбай эле коюш керек. Куру аякка бата журбойт дегендер дин бири ушул укук коргоочулар.
0
Frunze74
2016-07-27 20:26:56
Арыз жазган кундо да куноолуулор жазасын алаарына ишениш кыйын. Биздин элчиликке аалам тегиз сабап кеттиби, олтуруп кеттиби, сурап койбойт. Биздин бийлик чет жерде кордук коргон мекендештерибиздин укугун коргоо мындай турсун, оз элибизде американец, турк, кытай ж.б. кордук коргон жарандарыбыздын укугун коргой албай журот го. Атамбаев ырдан колу бошобой экономика кароосуз калып, жакырчылыктан, жумушсуздуктан кыйналган жаштар чет жерге иштегени барып мин бир турлуу кордук коруп келишет.
+7
Syiyy28
2016-07-28 05:54:02
Кучугуум баары жакшы болот алар жазасын алышат
+1
argen.kg4
2016-07-28 07:50:32
Москвада кыргыз келинин зордуктаган полициячы зоокур мындан эки жыл илгери.Иштен бошогонун уккам.Камалды бекен акмак.
0
12.12.12
2016-07-28 09:04:14
Элчилик кайда карап отурат? Акыйкатчыга бар, милицияга арыз жаз. Өз укугунду корго. Эгер коргобосон сенин бул айткандарын жерде эле калат. И сенден башкасына да ушул эле кордукту корсотот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан