Бүгүн, 27-июлда Бишкекте өтүп жаткан “Бизнестин алдынкы тармактарынын көйгөйлөрү жана аны чечүү жолдору” аталышындагы тегерек столдо өлкөнүн экономикадагы жылыштары жана дүйнөлүк каатчылык учурундагы өлкөдөгү экономикалык өзгөрүүлөр тууралуу сөз болду.
Каатчылык учурундагы коңшу өлкөлөрдүн валютасынын стабилдүү абалдан кыйла төмөндөгөнү менен, кыргыз сому жогорку деңгээлдеги туруктуулугун көргөзгөндүгү белгиленди. Мындан тышкары кен иштетүү жаатындагы маселелер айтылып, бул жаатта өкмөт менен сүйлөшүүдө чоң көйгөй жоктугу белгиленип, бирок жер иштетүүгө уруксат алган соң жерди трансфармациялоо оор экендиги, салык жаатында дагы көйгөйлөр көп экендиги кошумчаланды.
Ал эми уюлдук байланыш тармагында кичи курулуштар үчүн уруксат алуу маселеси курч турары белгиленип, кичи мунараларды жана кабелдик тутумдарды орнотууда уруксат берүүчү кагаздарды талап кылуу мыйзамсыз деген ойлор айтылды.
“Эл аралык уюлдук байланыш үчүн болгон тарифтердин баасына биргелешкен иш талап кылынат. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери менен мамлекетке салык төлөө шайкештикте болуусу зарыл”, - дейт уюлдук байланыш тармагынын адиси Галина Кучерявая.