SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Коомдук унааларда кызыктуу окуяларга кабылдыңыз беле?" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөр:
"Бир жолу маршруттук таксиде бараткам. "Ош базарга" барабы?" деп айдоочудан сурап бир улгайган аял түштү. Ал айдоочунун артындагы темирди кармап туруп калды. Алдынкы орундукта отургам, "Ош базарга" чейин алыс эле. Ордумдан тура калсам тиги эже мага карап "жок, тим эле кой, шашып жатам" деп коёт. Отурбай, туруп барса эрте жетчүдөй болуп. "Али көп бар" деп күлүп ордумду бошотуп бердим".
"Мен да студент кезде аябай тыгын маршруткага отуруп, отургучтун кармагычын кармайм деп бир баланын далысын кармап кете бериптирмин. Кийин көрүп аябай уялгам".
"Эки-үч жыл мурун Бишкекте досум экөөбүз унаа базарына баратканбыз. Жолдон досума бирөө телефон чалып калып, менден "Кайсы жердебиз?" деп сурап калды. Мен ага "Шлагбаумдабыз" десем, "Шламбапта экенбиз" деп жооп берди. "Шлагбаум" деп оңдоп койсом, ал үнүн катуу чыгарып кайрадан "Шламбапта" дейт. Маршруткадан түшүп алып аябай күлгөм, ал досум Бишкекке биринчи жолу келген болчу".
"Эртең менен эрте мектепке автобус менен бара жаткам. Жанымда бир кыз турган, наушнигиндеги музыкасы жанында тургандардын баарына угулуп жаткан. Ал кыздын жанында бир сакал-муруту бар киши турган. Бир маалда "У меня есть борода, а ты скажешь мне да" деген ыр чыгып калып, анын музыкасын чогуу угуп бараткан автобустагы жүргүнчүлөр абдан күлүшкөн".
"Маршруткага түшкөндө ичинде адам аз болсо, унаа токтогондо сөзсүз түрдө жыгыла берген адатым бар".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.