“Мен Олимпиадага экинчи ролдо катышпайм", - деди Бразилиянын убактылуу четтетилген президенти Дилма Руссефф. Бул жөнүндө кечээ, 26-июлда "Folha de Sao Paulo" жергиликтүү гезити жазып чыкты.
Ошол эле учурда "Reuters" агенттиги Дилма Руссеффке чейинки Бразилиянын мамлекет башчысы дагы оюндардын ачылышына катышпай турганын билдиргенин жазып чыкты. Рио-де-Жанейродогу 2016-жылкы Олимпиада оюндарын расмий түрдө Бразилиянын учурдагы президентинин милдетин аткаруучу Мишел Темер ачары айтылган.
Ал эми Дилма Руссеффке расмий чакыруу 12-июлда Алворадагы сарайына жеткирилген. Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 12-майында Бразилиянын Федералдык сенаты Дилма Руссеффке ишенбөөчүлүк көрсөтүү процессин колдогон. Ошого байланыштуу Дилма Руссефф кызматынан убактылуу четтетилип, Мишел Темер мамлекет башчысы кызматына киришкен. Эгерде аталган иш боюнча добуш берүүдө сенаттын көпчүлүгү ишенбөөчүлүктү колдоп беришсе, Руссефф бир жолу кызматынан алынып, 2018-жылдагы президенттик шайлоого чейин Мишел Темер мамлекет башчысы кызматын аркалайт. Ал эми сенат колдобосо, Дилма Руссефф ордуна келет. Бүгүнкү күндө дүйнөнүн 45 мамлекети жана өкмөт башчылары оюндарга чакырууну кабыл алганы белгилүү болду.