ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин адистери Казакстанда жогорку билими тууралуу диплому менен иштөө укугуна ээ болушту

Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин адистери Казакстанда жогорку билими тууралуу диплому менен иштөө укугуна ээ болушту. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин Казакстанда башка өлкөлөрдүн дипломдору жарактуу болбой жатканы тууралуу арыз түшкөн. Аталган комиссия бул маселени Казакстандын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте карап, бир чечимге келишти.

Кошумчалай кетсек, Евразиялык экономикалык биримдикке 5 мамлекет мүчө: Орусия, Казакстан, Беларусь, Кыргыз Республикасы жана Армения. Биримдикке мүчө мамлекеттер экономика жаатында кызматташуу боюнча келишимге кол коюшкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
tynar92kg
2016-07-27 17:12:27
Кайсыл адистиктер боюнча иштесе болот. Кененирээк маалымат берип койсонуздар...
0
Zaika10
2016-07-27 17:31:31
Кесибин боюнча иштесен болот экен,жогорку билимин дипломун болсо эле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан