ЖЫЛНААМА, 28-ИЮЛЬ: Ырчы, актриса Айпери Кубик кызы "Туулган күнгө маани бербейм, бул күн апамдын майрамы" дейт

Бүгүн, 28-июлда кыргыз шоу дүйнөсүндөгү белгилүү ырчы, актриса Айпери Кубик кызы өздүк майрамын белгилеп жатат. Ырчынын туулган күнү менен куттуктап байланышка чыкканыбызда: "Туулган күнгө көп деле маани бербейм. Бул күн апамдын майрамы, андыктан апамды куттуктайм", - деп билдирди.

"Бул күн адаттагыдай эле башталды. Азырынча кантип майрамдоо тууралуу план деле жок. Жакындарым кандай белгилейбиз дешсе, ошондой болот", - дейт ырчы.

Ырчы айым былтыр 24 мүчөл жашын эсте каларлык белгилегенин айтат.

"24 жаш мүчөл жаш эмеспи. Жолдошум Нарулан экөөбүздү өзүмдүн ата-энем конокко чакырышкан. Барсак, үйдүн кире беришине түрдүү шарларды, гүлдөрдү илип, атам "Мүчөл жаш" деген ыры менен тосуп алган. Ошол күнү өзүмдү дүйнөдөгү эң өзгөчө адам сезгем, кыскасы, жашоомдогу эң бактылуу, өзгөчө күн болгон эле. Ошондо ата-эненин балага болгон сүйүүсү, мээрими башкача болорун түшүндүм. Бул күн менин майрамым эмес, мени жарык дүйнөгө алып келген апамдын майрамы. Андыктан апама рахматымды айтып, куттуктагым келет", - деп билдирди Айпери Кубик кызы.

28-июлдун жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
ashir
2016-07-28 11:48:19
Азаматсын Айпери, апандын майрамы менен куттуктайм!
+1
D.Nargiza.kg
2016-07-28 11:58:30
С днём рождения Айпери эжооу!!! Спасибо Вашим родителям за Вас.) Будьте счастливы и здоровы!!!
0
Aidai5555
2016-07-28 13:43:23
Көпчүлүк атактуулар туулган күнгө маани бербей турганын айтышат. Эмнеге? Менимче, бул туура эмес. Анткени туулган күнүнө маани бербесе, анда дүйнөгө эмнеге келгенин билбей, жөн эле жашап жаткан адам болуп калат да. Туулган күнүндө кылчайып, өмүрүнө саресеп салып, өзүнө отчёт берип дегендей, ушундай болуш керек го... А туулган күндү белгилөө-белгилөөбө өзүнчө нерсе, "туулган күнгө маани бербейм" деген сөздү айтам, булар бул сөздүн маанисин же түшүнүшпөйт, же туура колдонушпайт...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан