СУПЕРСТАН: "Катын алсаң Ноокаттан, кыйналбайсың оокаттан"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кайсы аймактын кыздарына үйлөнгүңөр келет, жигиттер?" деген тема талкууга алынууда.

Темадагы билдирүүлөр:

"Катын алсаң Ноокаттан, кыйналбайсың оокаттан" демекчи, ар жактын кыздары ар башка эмеспи. Кызыл-Кыя, кадамжайлык кыздар шогураак келишет деп угам. Өзгөндүк кыздар өрт келет, таластык кыздар сексуалдуу болот дешет. Ысык-Көлдүн кыздары ак куудай керилген, сууда балыктай ойнойт дешет. Чүйлүк кыздар орус чалыш болот деп айтышат экен".

"Бабаларыбыздан калган "кан алмаштырып, эл ашып үйлөнсөң жолборс төрөлөт, аба алмашып, тоо ашып үйлөнсөң карышкыр төрөлөт, айыл ашып барып үйлөнсөң күчүк төрөлөт" деген сөз бар".

"Кыздарга тиешелүү макал бар го, "жер тандабай эр танда" деген, анын сыңарындай эле биз дагы үйлөнөрдө жердигине көп маани бербешибиз керек. Жаман эл болбойт, жаман адам болот".

"Эрге тийсең Ноокатка, эч тойбойсуң оокатка" деп бирөө айтып жатты эле".

"Кадамжайдын кыздары шок, өзгөндүк кыздар өрт болот" деген сыяктуу сөздөргө көп маани бербей эле койгонубуз жакшы".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (36)
z0lyshk0
2016-07-28 14:59:57
Мен жазган комментарийге минус баскандар жалаң Ноокаттыктар. Бирок капачылык жоок
,чындык эч кимге жакпайт.
0
ikitaidesu
2016-07-28 15:52:47
1-жазылган коментарий мамасы дебей "апасы” десе болбойбу?
Т.б. Ким кайда турмушка чыгып, кайдан уйлонсо да омурлорунун аягына чейин бактылуу болойлу. Турмуштун ачуу таттуу сыноолоруна сабыр кылалы.
+4
ulan.zhoroev
2016-07-28 16:09:32
Мисалы менин аялым ноокатан жогорудагы макал да айткандай эле тамакты отто даамдуу кылат и мен каалаган салтарды даярдап берет
+3
DUNI
2016-07-28 16:18:57
Жаман адам бардык жерде бар. Ноокаттыктар иштерман,берешен, .иштесен тиштейсин да . Кулдай иштеп,байдай жашаган адамдар Ноокатта. Питр дегендер келгиле корсотом Ноокатты)
+3
omka100514
2016-07-28 16:49:24
менин тагамын аялы ноокаттан ХХХ жөн эле баарын мен билем калганыңар отура бергиле дегенден, ХХХ ХХХ ХХХ Бир эле менин жеңем ошондой экен десем мен көрүп билген ноокаттыктардын баары эле ошондой экен, ХХХ ХХХ ХХХ
-4
dosym
2016-07-28 17:25:17
Ноокаттыктар ХХХ ХХХ дегени чындык сөз
-4
admin_portal
2016-07-28 18:04:52
Aidowi, z0lyshk0, marrss, omka100514, dosym, түшүнбөстүк жаратуучу билдирүүлөрдү калтыруудан алыс болууну сунуштайбыз!
0
-Sumitra-
2016-07-28 18:09:54
Ноокаттыктардан айланып калгыла.Бир ноокаттыкты жаман коруп,баарын ошондой ойлобош керек.Чынында ноокаттыктар кыйын болушат.Бул чындык!Мынча ичинер куйду.
+1
tynara81
2016-07-28 19:42:00
Жердигине эмес, адамдын өзүнө карап турмуш куруш керек. Ошондой эле ата- энесинин жакшы турушуна деле карабаш керек. Көңүл төп келиш керек биринчи. Көңүл сүйбөй турса акчасы да, жасаган иши да, мүнөзү да көзүңө көрүнбөйт.
+2
ruslanz
2016-07-28 21:34:56
Ой тобоо ... А Нарындыктарчы
+2
isnur93
2016-07-28 23:35:02
Баардык адамды кудай жаратып,ар жерге чачкан.Эч бир адам озу тандап алган эмес кайсыл жерде жашашын.Пешенесине жазган тагдыры менен ар кандай турмушта жашашат.Ноокаттын эли кара жумушту коп кылат,ошол учун ал жактын кыздары турмушка кичинесинен пышып калат дейт.
+3
arzygulR
2016-07-29 02:31:33
Суйуп калсан жердигине да карабай каласынго.
0
MoXiTo
2016-07-29 17:46:49
Кош келгиле Ноокатка кучагы толгон ооматка !
0
Likvidator
2016-07-30 10:25:46
Ушул нерсени алып чыккан сайтка "баракелде" гана деш керек. )))
0
admin_portal
2016-08-01 14:17:54
AKCAHAT, жеке билдирүүлөр купуяга!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан