Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан биринчи камсыздандыруу төлөмү төлөндү

2016-жылдын 18-июлунда Казарман айылында катуу шамалдын кесепетинен 42 үй зыянга учураган. Шамал турак жайлардын чатырларын учуруп кеткен. Тогуз-Торо райондук жарандык коргонуу комиссиясынын актысына жараша келтирилген чыгымдын көлөмү 421 200 сомду түзгөн. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун басма сөз кызматы бүгүн, 28-июлда кабарлады.

"Зыянга учураган үйлөрдүн ичинен бир эле Анара Итигулованын үйү камсыздандырылган. Анара үйү үчүн 2016-жылдын март айында Мамлекеттик камсыздандыруу уюмуна 600 сом төлөгөн. МКУнун адистеринин баалоосуна жараша Анара Итигулова камсыздандыруу төлөмүн 30 миң сом көлөмүндө алды, эми өз үйүнүн чатырын калыбына келтире алат. Ошентип, бул учурда камсыздандыруу төлөмү камсыздандыруу акысынан 50 эсе ашты", - деп айтылат маалыматта.

Маалымат үчүн: Айыл жеринде камсыздандыруу акысы бир жылга 600 сом, шаар жеринде 1200 сомду түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Nurdaulet
2016-07-28 12:27:48
камсыздандыруу бул цивилизованный онуккон мамлекеттерде жакшы онуккон!а биздин эл эмнеге каршы болуп атышат тушунбойм, цивилизациядан артта калган карангы жарандарыбыздын коп экенинин белгиси бул дагы
+1
talant87
2016-07-28 12:34:30
мен айына 600сом деп ойлогом админ кантип кайрылсак болот толук малымат бергилечи алдын ала рахмат
+1
Shef87
2016-07-28 12:42:24
биздин ХХХ минерлер тууганынын уйунун документин даярдап комиссиянын мучолору менен болушуп жеп коёт жоготуш керек мындайга акча толобогуло
+1
admin_portal
2016-07-28 12:47:51
Shef87, этика нормаларын сактаңыз!
0
aibo_85
2016-07-28 13:52:32
бул страховой компаниянын рекламасы болуп калыптыр.
+1
aibo_85
2016-07-28 13:53:54
Ылайдан жасалган уй камсыздандырылууга жатпайт деп айткан эле, бул жерде компания мыйзамды бузуп ылайдан жасалган уйду камсыздандырган.
0
aibo_85
2016-07-28 13:54:35
30 мин ото эле аз сумма. Жок дегенде 100 мин сом алыш керек, мыйзам иштесе, себеби уй жашаганга мумкун болбогон абалга келсе компания 500 мин сом толойт деп айтышкан.
0
kamyr26
2016-07-28 13:56:09
Толош керек колдон келсе эч зыяны тийбейт жаратылыш кырсыгы болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт
+1
Frunze74
2016-07-28 16:28:19
Бизде оор жук ташуучу унааларды милдеттуу камсыздандыруу башталып, бул аралыкта алардан бир канча жуз миллион сом топтолсо, кырсыкка кабылгандарга бир канча миллион компенсация толонуп берилген, б.а. топтолгон сумманын 3-6% жумшалган. Камсыздандыруу онуккон Батышта деле бул тармакта ири суммалар айланып, коп киреше табышат. Экинчиден мисалы уйун орттонсо чатыры ж.б. учун 50-100 мин сом толонот болуш керек, анткени фундамент, дубалы бутун деп аларга толобосо керек.
0
Frunze74
2016-07-28 16:33:01
Ошондуктан турак-жай да, автоунааны да камсыздандыруу милдеттуу эмес, ыктыярдуу болсо. Анткени бугунку кризис шартында копчулук камсыздандырууга каршы. Эгер камсыздандыруу элдин ишеничин актаса, эл мажбурлоосуз эле оздору турак-жай, унааларын камсыздап калат. Бийлик элдин унун угушу керек!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан