ЭЛДИК ВИДЕО: "Жубайым үйдө отурат, андыктан жумуштун баарын өзү жасайт"

SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Жубайым үйдө отурат, андыктан жумуштун баарын жасайт" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: Latyshka).

Видеодо психолог менен банкта иштеген эркектин сүйлөшүүсү көрсөтүлөт. Психологдун "Үйдө жумуштарды ким жасайт? Ким эрте ойгонот?" деген сыяктуу суроолоруна ал "Аялым иштебейт, үйдө отурат. Андыктан баарына жетишүү үчүн ал эртең менен эрте ойгонот. Тамак даярдайт. Балдарды бакчага алып барат. Кечинде балдар менен сабак карайт, уктоого даярдайт" деп аялы жасаган жумуштарды санап кирет. Ал эми өзү жумуштан чарчап келгендиктен эс аларын да айтат. Видеонун акырында убактысынын баарын үй жумуштарына арнаган энелерди сыйлоо керектиги айтылат.

Видеону көрүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nurkyz1977
2016-07-28 21:35:06
Энелер балдары учун баарына чыдайт бала деп балапан башым куурады дегендей,энелер бар дуйно тен салмакта сакталып турат.
+2
bek.kgz
2016-07-29 20:30:40
Бизге европалыктардын же ошолор сыяктуу мамлекеттердин акыл - насааты калды эле... Оздорун эптеп алышсынчы. Карыганда бир жалгыз калышат уйлорундо, бизде болсо чон апа болуп балпайып отурат апалар. Баласына жакшы тарбия берсе биринчи келининен эле ала баштайт момосун(Еврпалашып бара жаткандардан тышкарылары).
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан