Учурда Ош облусунда ажыларды окутуунун 2-айлампасы кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Ош облусу боюнча ажылыкка жооптуу адис Ыманали Матраимов билдирди. Анын айтымында, облустун жети районунда ажы башчылары өзүнө бөлүнгөн тайпаларга ажылык зыярат боюнча сабактарды өтүшүүдө. Аларга ажылык парзды өтөөгө туура ниет кылуу, ажылык кийимдерди эрежеси менен кийүү, курмандык чалуу, чач алуу, Арафат, Мина өрөөндөрүндөгү ажылыктын машакаттарына сабыр кылуу, Каабаны айлануу эрежесин, ажылык зыярат учурунда ибадат жасоону шарият көрсөткөн тартиптен чыкпай жасоо жана Сауд Арабия мамлекетинин ажылык учурундагы коюлган эреже-тартиптери үйрөтүлүп жатат.
Эскерте кетсек, ажылык амалдарын аткаруу үчүн Меккеге келген зыяратчылар быйыл электрондук билерик тагып жүрүшөт.