Кыргыз мамлекетинин Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын дагы бир командасы "Армиялык оюндар-2016" мелдешине катышуу үчүн Казакстанга жөнөп кетти. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы 29-июлда билдирди. Мелдеш Казакстандын "Гвардиялык" деп аталган полигонунда 2-августтан 9-августка чейин өтөт.
"Аталган мелдештин алкагында биздин аскер кызматчыларыбыз "Көзгө атарлардын чеги" жана "Артиллериялык атуулдардын чебери" аттуу сынактарга катышат. Биздин команданын курамында Башкы штабдын түштүк-батыш аймактык кошуундары менен бөлүктөрүнүн мыкты аскер кызматчылары бар", - деп билдирди мекеменин маалымат кызматы.