Испаниялык автожарышчы, "Формула-1" боюнча Дүйнөнүн 2 жолку чемпиону Фернандо Алонсо 35 жашка толду. Спортчу 1981-жылы 29-июлда Испаниянын Овьедо шаарында төрөлгөн.
Ал карьерасын картинг спорту боюнча жарыштардан баштаган. 2001-жылы "Минарди" командасынын курамында "Формула-1" жарыштарында дебют жасаган. 2002-жылы "Renault" командасынын катарына кошулуп, ушул команданын курамында ийгиликке жетишкен. 2005-жылы жана 2006-жылы "Формула-1" жарышында жеңишке жетишип, Дүйнө чемпиону аталган. Андан кийин "McLaren", "Ferrari" командаларынын курамында жарыштарга түшкөн. Кезинде ал эң чоң суммадагы маяна алган спортчулардын катарын толуктаган. Анын 1 жылдык маянасынын көлөмү 30 миллион еврого чейин жеткен.