Бишкекте жаш жубайлар үйлөнүү тойго сарпталчу каражатка 25 окуучуну мектепке даярдашты (фоторепортаж)

Бүгүн, 29-июлда Бишкекте активист Азат Амановдун үлпөт тою өтүп жатат. Ал ири каражат жумшап, тойду өзгөчө өткөрүү идеясынан баш тарткан. Мунун ордуна ал жеткинчек балдарга мектепке кийим, окуу куралдарын сатып берүүнү чечкен.

"Башка жаш жубайларды жана ата-энелерди кайрымдуу болууга чакырам. 25 балага жардам берилди. Жалпы 50 миң сом чыгым кылдык. Атайын жашоо шарты оор үй-бүлөлөрдүн балдарын тандап алдык", - дейт ал.

Мындай идеяны достор чогулуп, демилгелеп чыгышкан. Максаты - ыксыз чыгымдарды азайтуу жана жоюу. "Элге үлгү бололу деген ойду кармандык. Жакында интернетке үлпөт тойдо унааларга эле 80 миң сом сарптаган жаштардын видеосу жарыяланды. Биз буга каршы чыктык", - дейт Азаттын досу Ырыскелди Талайбек уулу.

Ал эми Аламүдүн районунун тургуну, 7 баланын энеси Гүлзарифа Ибраимова буларга токтолду: "7 балам бар. Балдарыма мектепке кийим, окуу куралынан жардам берип, 1 баламды толук камсыздап беришти".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (33)
abdulazizjak
2016-07-29 16:18:34
Аллахым ыраазы болсун! !!
+1
Adidas_91
2016-07-29 16:28:43
Бул макаланы окуп менин журогум жылый тушту толкунданып да кеттим. Биз кыргыздар буйруса жакшы жакка карай баратабыз. Бактылуу болгула, силерди чонойткон ата эненерге РАХМАТ.
+2
bakulya2015
2016-07-29 16:42:05
Бактылуу болсун,Алла ыраазы болсун!
+1
turar97
2016-07-29 16:43:50
Укмуш.Мен уйлонгучо ушинтип олтуруп ысырапчылык азайса экен. Атпесе кыйын болот.
+1
krem
2016-07-29 16:47:28
муну оронгондор кара кийимчендер дей беришкендерге каршы эле акция болушу мумкун келин ак жоолук эле оронсон болмок тимболее тоюнда Чубак ажы спонсор болбоду бекен дагы урушуп ирбегиле жон эле оюму жазып койдум
+2
bek.kgz
2016-07-29 17:25:22
krem, бир кумалак созсуз болуусу керек...
+2
AKCAHAT
2016-07-29 22:41:32
krem, бул бала акыркы 2 ай ото пиарланып светится этип калды го . Бачата бийине каршы болуп , кошелек таап эми уйлонуп калыптыр. Ммм .... акция болушу толук мумкун , муфтиятпы же арабдар спонсор болуппу , окмот сайыла бергени учун . Кыскасы бактылуу эле болсун.
-6
bek.kgz
2016-07-29 17:27:32
Азаматтар!!! Бактылуу үй-бүлөдөн болгула. Жараткан жолунарды ачсын! Жаш балдарга кылган жакшылыктарынарга чоооң ырахмат.
+3
marmiladka9
2016-07-29 17:30:04
биздин кыргыздын формасы кана?
0
12.12.12
2016-07-29 19:32:43
Азаматсыздар. Элдин батасы тийсин. Тойго кетке каражатка бакыт куруу мумкун эмес. Ушундай сооп иштер бата алып келет. Аллахым силерге бак берсин. Кубанычтуу кабар.
+2
paula.90
2016-07-29 19:52:02
Аллахым ыраазы болсун! Бактылуу уй-булоо болушунарга ишенемин,себеби жакшылык менен башталган уй-булоодо береке болоор,сиздердей жакшылык кылуу бизгеда жуксун)))
+1
Azizbek.kg8
2016-07-29 20:46:03
Алах ыраазы болсун,жаш жубайларга телегейи тегиз болуп бактылу болсун
+1
Stervashka
2016-07-29 21:12:03
Сонун, бактылуу болгула. Аллах таала колдой берсин силерди.
+1
isnur93
2016-07-29 22:14:17
Элдин бир кундук курсагын тойгозгончо,колунда жок уйбулолордун бир жылдык арзуусун ишке ашырыптыр,ушулардын сообу ото чон болот анткени,чын дилинет суйунот,ыраазы болот алган нерсесине.
0
Bishkek_united
2016-07-29 23:27:49
баннерлерди ким илип жатат??? кара окуп ал мусулмандын кылган ишини!!!
0
tynar92kg
2016-07-30 07:58:04
Ушундай демилгелер коп болсо...
+1
ASELENOK
2016-07-30 09:54:02
Сакал менен хиджаб чын эле ашыкча
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан